Садыр Жапаров менен Режеп Эрдоган Бишкекте жолугушу мүмкүн

ТИМ башчыларынын сүйлөшүүсү бүгүн, 1-майда, түрк тараптын демилгеси менен уюштурулган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркиянын башчысы Режеп Эрдоган менен Бишкекте жолугушу мүмкүн.
Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Түркиянын ТИМ башчысы Мевлют Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Сүйлөшүү бүгүн, 1-майда, түрк тараптын демилгеси менен уюштурулганы айтылды.
Министрлер стратегиялык өнөктөштүк формасында бекемделген эки тараптуу мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң динамиканы канааттануу менен белгилешти.

“Быйыл Кыргызстан менен Түркиянын мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги стратегиялык кызматташтык боюнча кеңешти Кыргызстанда өткөрүү маселеси талкууланды”, — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун кезектеги жыйынын өткөрүү макулдашылган.
Министр Кулубаев: "Байрактарды" Тажикстанга сатпоо боюнча Түркия менен сүйлөшөбүз