Радио

Акунбеков: дыйкан байыса айыл чарбасы өнүгөт

"Бай дыйкан" айыл чарбасын колдоо борборунун башкы директору Эрлист Акунбеков дыйкандардын алган түшүмүн жакшы баада сатып берүүгө өкмөт жардам берсе, айыл чарбасы сапатка өтөрүн айтты.
Sputnik
Рынок шартында пайда табуу маанилүү орунда болгондуктан айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн дыйкандар жакшы киреше табышы керек. Бул тууралуу Эрлист Акунбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өкмөттүн айыл чарбаны кластердик өнүктүрүү саясаты дыйкандардын абалын жакшыртууга шарт түзөт.

"Бүгүнкү күндө дыйкандарга мотивация, стимул жетишпей жатат. Дыйкан жыл сайын түшүмүнөн жакшы пайда алып турса, сандан сапатка өтүп, ишмердүүлүгүн жакшыртат. Ал үчүн дыйкандардын алган түшүмүн өкмөт жакшы баада сатып берүүгө жардам бериши керек. Өкмөттүн айыл чарбаны кластердик өнүктүрүү саясаты дыйкандардын абалын жакшыртууга шарт түзүп бере алат. Бул багытта туура башкаруу аркылуу гана оң жолго түшсө болот. Дыйкан байыса, айыл чарбасы өнүгөт", — деди Акунбеков.

Ошондой эле адис дыйкандардын сабаттуулугун жакшыртуу, туура маалымат жеткирүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө маани берилиши керектигин кошумчалады.