БШКнын мурдагы төрагасы Туйгунаалы Абдраимов кармалды

Абдраимовго карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголгон.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. БШКнын мурдагы төрөгасы Туйгунаалы Абдраимов кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, Абдраимов БШКнын төрагасы болуп турган учурда кызматтык абалынан пайдаланып, Ысык-Ата районунун "Жээк" айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлерин 11,2 гектар таштанды таштоочу жайын "Кайнар" ишканасына бекер бөлүп берүүгө мажбурлаган. УКМК маалымдагандай, Абдраимов аталган компаниянын 95 пайыз акциясына ээлик кылат.
"Ысык-Ата райондук администрациясынын буйругуна ылайык, "Кайнар" компаниясы бардык санитардык-экологиялык нормаларды сакташы керек болчу. Кант шаарынын мэриясы 2015-жылдан бери катуу тиричилик таштандыларын жок кылып туруу үчүн "Кайнар" компаниясына ай сайын 250 миң сом төлөп турган. Бирок ишкана таштанды таштоочу жайды гана уюштуруп, эч кандай санитардык нормаларды сактаган эмес", — деп айтылат маалыматта.
Мындан улам Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу") боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары Туйгунаалы Абдраимов кармалып, УКМКнын камак жайына киргизилген. Азыркы тапта ыкчам-тергөө иштери уланууда.
100 миң сом... Жалал-Абадда ветеринардык башкармалыктын жетекчиси кармалды