Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

FT: Россиядан кеткен Батыштын бир эле компаниясы 3,1 млрд. евро жоготту

Авторлор бизнесмендер Россиядан кетип калуунун кесепети оор болорун жон териси менен сезип жатканын жазган.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Батыштын компаниялары россиялык долбоорлордон чыгуунун кесепетинен ири суммада чыгым тартууда. Бул туурасында Financial Times басылмасынын баяндамачылары Эндрю Жек жана Стивен Морис макала жазганын РИА Новости жазды.
Авторлор Москвадагы бизнесин сатууга аргасыз болуп 3,1 миллиард евролук жоготууга учураган франциялык банкты мисал келтирген. Мындай алып-сатуу келишими Россиядан кетүүгө камынып жаткан Батыштын бизнесмендери кандай кыйынчылыктарга кептелгенин ачыктаганын белгилешкен.
Мунай казуучу, автоунаа чыгаруучу жана башка ишканалар рынокто алардын активин сатып алууну каалагандар анча көп эмес экенин, Россиядан кетип калуунун кесепети оор болорун жон териси менен сезип жатканы белгиленди. Журналисттер америкалык жана европалык коммерсанттарды кийин Россиянын рыногуна кайра кайтып келүү маселеси катуу ойлондуруп жатканын айтышкан.
Буга чейин Shell британиялык-нидерланддык мунайгаз тобу "Сахалин-2" долбоорундагы 27,5 пайыз үлүшүн сатуу боюнча жан кейитерлик сүйлөшүү жүргүзүп жатканы белгилүү болгон. Эксперттин айтымында, компания активдерин кытайлык фирмалардын бирине өтө чоң арзандатуу менен сатууда.
Россия Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операциясын баштагандан кийин көптөгөн Батыш өлкөлөрү Москвага каршы банктык секторлорго жана жогорку технологиялык продукцияларга жапырт санкция жарыялаган. Кремль мындай чараларды экономикалык согуш деп атап, ошол учурда окуянын мындай өнүгүшүнө даяр турганын белгилеген.
ЖМК: Россияга каршы санкциялар француз порттору үчүн ири көйгөйгө айланды