Бишкекте “Хор Турецкого” менен "Сопрано" концерт коюп жатат. Видео

Хордун незиздөөчүсү кыргызстандыктарды келе жаткан Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Бишкекте Unity Songs эл аралык акциясынын алкагында “Хор Турецкого” жана "Сопрано" арт-тобунун концерти өтүп жатат.
Чыгармачылык жамааттар “Айчүрөк” дүр-дүйнө дүкөнүнүн жанында талантын тартуулоодо.
Хордун негиздөөчүсү Михаил Турецкий май майрамдарында Бишкекке келүү салтка айланып калганын билдирди.

“Биз бул жакка майрам уюштуруу үчүн, достук мамилени чыңдоо максатында келебиз”, — деди ал.

Турецкий кыргызстандыктарды келе жаткан Улуу Жеңиш күнү менен куттуктады.
“Фашисттик Германияны жеңүү — бул өткөн кылымдагы башкы окуя”, — деп кошумчалады артист.
Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына лезгин бийинин фестивалы өтөт