БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Мариуполдо "Азовсталь" заводуна жакын жайгашкан аймактардан 28дей киши өз алдынча чыгып кетти. Бул тууралуу ДЭРдин аймактык коргоо штабына таянып РИА Новости кабарлады.
"Такталган маалымат боюнча, эвакуация болгон 28 адамдын арасында аялдар, улгайган эркектер, балдар (анын бири төрт айлык) бар", — деп жазылат билдирмеде.
16-апрель күнү Россиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Мариуполь толугу менен "Азов" полкунун улутчулдарынан, чет элдик жалданма жоокерлерден жана украин армиясынан тазаланганын билдирген болчу. Украиналык топтордун калганы "Азовсталь" металлургиялык комбинатына жашырынган. Россия президенти Владимир Путин 26-апрель күнү завод толугу менен изоляцияланганын жарыялаган эле.