Бишкекте Улуу Жеңиштин урматына лезгин бийинин фестивалы өтөт

Бий майрамы Бишкек шаарында Балдар жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борборунда 6-майда болот.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май. — Sputnik. Бишкекте 6-майда Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата "Лезгинка – тынчтыктын жана достуктун бийи" деп аталган фестиваль өтөт. Бул туурасында Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен кабарлашты.
Бий майрамы Бишкек шаарында Балдар жана өспүрүмдөрдүн "Сейтек" улуттук борборунда 6-майда болот.
"Иш-чараны карачай элинин "Ата Журт" ассоциациясы Россия элчилиги жана Бишкектеги Орус үйүнүн колдоосунда өткөрөт. Келип планетадагы эң байыркы бийдин демин сезип, жарык маанай алып кетиңиздер", — деп айтылган маалыматта.
Ал эми бүгүн да буга үндөш ыр майрамы тартууланат. Тагыраагы, борбор калаада "Жеңиш ырлары" деп аталган концерт өтүп, ага "Хор Турецкого" менен "Сопрано" топтору катышмакчы.
Эки кыргызстандык Москвада "Өлбөс полктун" эл аралык сахнасында ырдайт