Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ Коргоо министрлиги: "Азовсталдын” аймагынан 80 адам эвакуацияланды

Бошотулган жай тургундардын бардыгы тамак-аш жана медициналык жардам менен камсыздалды.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Мариуполдогу "Азовсталь" комбинатынын аймагынан согушкерлер кармап турган 80 жай тургун эвакуацияланды. Бул тууралуу РИА Новости Коргоо министрлигине шилтеме берип жазды.

“Россиянын президенти Владимир Путиндин демилгесинин арты менен Мариуполдогу "Азовсталь" комбинатынын аймагынан украиналык улутчулдар тарабынан кармалып турган 80 жай тургунду чыгарып кетүүгө мүмкүн болду. Алардын арасында аялдар менен балдар дагы бар” – деди министрликтен.

Маалыматта Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү менен ДЭРдин элдик милициясы тарабынан коопсуз эвакуация үчүн гуманитардык коридор ачылганы белгиленди.
Бошотулган жай тургундардын бардыгы Донецк Элдик Республикасынын Безыменное калктуу конушуна жеткирилип, тамак-аш жана медициналык жардам менен камсыздалган.
Ал эми Киев режиминин көзөмөлүндөгү аймактарга баргысы келген адамдар БУУ менен Кызыл чырым эл аралык комитетинин өкүлдөрүнө өткөрүлүп берилген.
16-апрель күнү Россиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Мариуполь толугу менен "Азов" полкунун улутчулдарынан, чет элдик жалданма жоокерлерден жана украин армиясынан тазаланганын билдирген болчу. Украиналык топтордун калганы "Азовсталь" металлургиялык комбинатына жашырынган. Россия президенти Владимир Путин 26-апрель күнү завод толугу менен изоляцияланганын жарыялаган эле.
ЖМК: АКШда республикачылар НАТОну колдоодон баш тартышууда