Милиция аймактарга каттаган таксилерди текшерип, жол кире акысын түшүрдү. Видео

Талас, Ысык-Көл жана Нарынга каттаган маршруттук таксилердин койгон баалары жүргүнчүлөрдүн нааразычылыгын күчөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Милициянын Кайгуул кызматы аймактарга каттаган таксилерди текшерип, жол кирени өз алдынча көтөрүп алгандарды аныктап жатат.
Маалыматка караганда, эртеңки Орозо айт күнүнө байланыштуу алыскы аймактарга каттаган маршруттук унаалар жана жеңил жеке менчик таксилер бааны өз алдынча көтөрүп алышкан.
Айрыкча автобекеттеги Бишкек — Талас, Бишкек — Ысык-Көл, Бишкек — Нарынга каттаган маршруттук таксилердин баалары жүргүнчүлөрдүн нааразычылыгын күчөткөн.
Мындай көрүнүштөрдү жоюу максатында Кайгуул милициянын техникалык көзөмөлдөө бөлүмү автобекеттин директору менен биргеликте айдоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Азыркы тапта баалар түшүп, кырдаал турукташканы белгиленди.
Аскердик тематикадагы жарнама. Бишкекте маршрутка айдоочусу чаптамасын алды