Жалпы республикалык тестирлөө кайсы күндөрү өтөрү айтылды

Каттоого үлгүрбөй калган абитуриенттер үчүн 23, 26-май жана 23-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Жалпы республикалык тестирлөө үч этап менен өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Мындай буйрукка ведомство жетекчиси Алмазбек Бейшеналиев кол койду. Документке ылайык, 2022-жылы абитуриенттерди республикалык тестирлөө төмөнкү даталарга белгиленди:
I этап — 24-25-май (23-май – тесттик борборлорду даярдоо күнү);
II этап — 27-28-май (26-май – тесттик борборлорду даярдоо күнү);
III этап — 24-25-июнь (23-июнь – тесттик борборлорду даярдоо күнү).
Акыркы III этап жүйөлүү себептер менен тестирлөөдөн өтпөй калган абитуриенттер үчүн жүргүзүлөт.
Каттоого үлгүрбөй калган абитуриенттер үчүн 23, 26-май жана 23-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.
Жалпы республикалык тестирлөө — бүтүрүүчүлөрдүн билим деңгээлин аныктоочу тест. Анын жыйынтыгы менен абитуриент жогорку окуу жайына өтө алат.
Радио
Турганова: китеп окулбай, көп окуучулардын ой жүгүртүүсү төмөн болууда