100 миң сом... Жалал-Абадда ветеринардык башкармалыктын жетекчиси кармалды

Шектүүнүн жеке адамдарга Форма-1 үлгүсүндөгү ветеринардык күбөлүктөрдү 21 күндүк карантинди жана термометрия процедураларын өткөрбөстөн жасап берип турганы айтылууда.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. – Sputnik. Кыргызстандан малдын тиешелүү ветеринардык иш кагаздарын жасалмалап экспорттогон туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бир нече киши 100 миң сомдон ашык өлчөмдөгү келишим боюнча макулдашып жаткан учурда кармалган. Алардын башында турган адамдардын ким экендиги да белгилүү болду.
1 / 3

Кыргызстандан малдын тиешелүү ветеринардык иш кагаздарын жасалмалап экспорттогон туруктуу коррупциялык схема аныкталып, бир нече киши 100 миң сомдон ашык өлчөмдөгү келишим боюнча макулдашып жаткан учурда кармалган

2 / 3

УКМКнын маалымат кызматы тараткан билдирүүдө бул ишке бөгөт коюлгандыгы, аталган схемага Жалал-Абад шаардык ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук башкармалыгынын Ш.Н.Т. аттуу жетекчисинин түздөн-түз тиешеси бар экендиги кабарланган.

3 / 3

УКМКдан учурда кармалгандар Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.

"Тактап айтсак, Ш.Н.Т. акчалай сыйлык үчүн малды сыртка чыгаруу менен алек болгон жеке адамдарга Форма-1 үлгүсүндөгү ветеринардык күбөлүктөрдү 21 күндүк карантинди жана термометрия процедураларын өткөрбөстөн жасап берип турган. Ошондой эле малдын бруцеллез жана туберкулез боюнча милдеттүү түрдө өткөрүлүүчү диагностикалык текшерүүнүн талаптарын одоно түрдө бузуу менен берип тургандыгы аныкталган. Ш.Н.Т. жана аталган схеманын башка катышуучулары 100 миң сомдон ашык өлчөмдөгү келишим боюнча макулдашып жатышкан учурда кармалышкан", — деп айтылган маалыматта.
УКМКдан учурда кармалгандар Жалал-Абад ШИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү тергөө иштери жүрүп жатканын билдиришти.
ИИМдин тергөөчүсү акча алып жаткан учурда кармалды. Видео