Ысык-Көлдө күндөн кубат алган электр станциясын куруу башталды. Сүрөт

Курулуш иштерин "Бишкек Солар" компаниясы баштады, долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунда ишке ашууда.
Sputnik
ЫСЫК-КӨЛ, 30-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылында Кыргызстанда биринчи ирет күндүн нуру менен иштеген электр станциясы курула баштады. Бул туурасында аймактык кабарчы билдирди.
Курулуш иштерин "Бишкек Солар" компаниясы баштады, долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунда ишке ашууда.
1 / 4

Ысык-Көл облусундагы Тору-Айгыр айылында Кыргызстанда биринчи ирет күндүн нуру менен иштеген электр станциясы курула баштады

2 / 4

Курулуш иштерин "Бишкек Солар" компаниясы баштады, долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорунда ишке ашууда

3 / 4

Аталган станциянын 300 МВт кубаттуулук менен иштээри, жылына 600 миллион киловатт-саат электр кубатын өндүрөрү божомолдонууда

4 / 4

Бул 140 миллион кубометр жаратылыш газына барабар

Аталган станциянын 300 МВт кубаттуулук менен иштээри, жылына 600 миллион киловатт-саат электр кубатын өндүрөрү божомолдонууда. Бул 140 миллион кубометр жаратылыш газына барабар.
"Электр станциянын иши жылына абага 300 миң тонна көмүр кычкыл газын чачуудан арылууга мүмкүнчүлүк берет. Борборлоштурулган бул станция электр кубаты менен ишенимдүү камсыздоого өбөлгө түзөт жана аймактагы тартыштыкты жоет. Андан сырткары, жумуш орундарын жаратат", — деди салтанатта сүйлөп жатып аталган компаниянын башчысы Азамат Искенбаев.
Ал жерге чогулгандардын алдына ЖК депутаттары, министрлик менен ведомство өкүлдөрү да чыгып сүйлөдү.
Ысык-Көлдө кубаттуулугу "Токтогулга" тең келген күн электр станциясы курулат