Ырчы-чоорчуларды абактарга келип ырдоого чакырышты. Сүрөт

Артисттерге эркинен ажыратылгандарга концерт бергендер уникалдуу тажрыйба топтойт деп чакырык салышты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Жаза аткаруу кызматы өлкөдөгү ырчы, музыканттарды абактардагы эркинен ажыратылгандарга ырдап берүүгө чакырды.
1 / 3

Жаза аткаруу кызматы өлкөдөгү ырчы, музыканттарды абактардагы эркинен ажыратылгандарга ырдап берүүгө чакырды

2 / 3

Эгерде катталгандардын арасында чыныгы артисттер, ар кыл багыттагы таланттардын спецификалык, бирок атайын мекемелердин чексиз ыраазычылыгын билдирген көрүүчүлөрүнүн алдына чыккыңыз келсе, бизге тартынбай эле жазсаңыз болот

3 / 3

Ар бир артист үчүн мындай тажрыйба уникалдуу болот, ишене бериңиздер

"Эгерде катталгандардын арасында чыныгы артисттер, ар кыл багыттагы таланттардын спецификалык, бирок атайын мекемелердин чексиз ыраазычылыгын билдирген көрүүчүлөрүнүн алдына чыккыңыз келсе, бизге тартынбай эле жазсаңыз болот. Ар бир артист үчүн мындай тажрыйба уникалдуу болот, ишене бериңиздер!" — деп айтылган алардын кайрылуусунда.
Кызыккандар Жаза аткаруу кызматынын Telegram-каналына катталып, андан социалдык тармактардын дарегинин шилтемесин алса болот.
Аталган мекемеден № 2 Степное айылындагы абактагылар үчүн жакында концерт көрсөтүлгөндүгүн да кабарлашты.
Абдрахматова балалуу аялдардын жаза өтөө мөөнөтүн жылдырууну сунуштады