Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Лавров: Вашингтон өзүн адамзаттын тагдырын чеччү күч элестетип алган

Тышкы иштер министри Лавров Украина менен сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде санкцияларды алып салуу маселеси дагы бар экенин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Россия менен Украина күн сайын видеобайланыш аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме берип РИА Новости жазды.
Министрдин айтымында, делегациялар Киевдин туруктуу бейтараптыгын жана коопсуздук кепилдиктерин талкуулап жатышат. Ошондой эле сүйлөшүүлөрдүн алкагында санкцияларды алып салуу каралууда.
"Учурда россиялык жана украиналык делегациялар видеоконференция аркылуу мүмкүн болгон келишимдин долбоорун күн сайын талкуулап жатышат. Сүйлөшүүлөрдүн күн тартибинде ошондой эле жаңы геосаясий реалдуулукту таануу, санкцияларды алып салуу, орус тилинин макамы жана башка маселелер бар. Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу деэскалацияга олуттуу салым кошот", — деди министр.
Ал белгилегендей, мүмкүн болгон варианттардын бири катары кепилдик берчү мамлекеттердин институтун түзүү, алардын арасында биринчи кезекте БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү Россия менен Кытай дагы болушу шарт.
Мындан тышкары, Лавров Батыш реалдуулукту канчалык тезирээк тааныса, ошончолук жакшы болорун кошумчалады.
"Бүгүн кеп жаңы "кансыз согуш" жөнүндө болгон жок. Бүгүн биз өзүн адамзаттын тагдырын чечүүчү ролду коюп алган Вашингтондун жана анын жандоочуларынын өжөрлүгү тууралуу сөз кылып жатабыз. Батыш азчылыгы экинчи дүйнөлүк согуштан кийин калыптанган эл аралык укукка өзүнүн эрежелерин таңуулап жаткан учур. Вашингтон жана анын союздаштары бул эрежелерди өздөрү жазып, анан эл аралык коомчулукка милдеттүү түрдө кабыл алдыргысы келип жатат", — деди Лавров.
Министр белгилегендей, АКШ жана анын союздаштары дүйнөнүн көп полярдуу экенин унутуп калышкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
РФтин Украинадагы операциясы качан бүтөт? Лавровдун маегинин урунттуу учурлары