Радио

Өмүрбекова: Россиядан эмгек мигранттарынын жапырт кетүүсү байкалган жок

Евразия экономикалык комиссиясынын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова азыркы геосаясий абалга байланыштуу эмгек рыногундагы өзгөрүүлөргө чаралар колдонулуп жатканын айтты.
Sputnik
Россиядан массалык түрдө эмгек мигранттарынын кетүүсү байкалган жок. Айрым чөйрөлөрдө кыскартуулар болгону менен алар башка тармактарга орношуп жатышат. Бул тууралуу Алтынай Өмүрбекова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда эмгек рыногунун абалын төмөндөтпөө максатында ишкерлерди колдоого да басым жасалып жатат.
"Учурда геосаясий абалга байланыштуу эмгек рыногундагы өзгөрүүлөргө карата Евразия экономикалык комиссиясы тиешелүү чараларды көрүүдө. Эмгек рыногу ЕАЭБге кирген беш өлкөнүн улуттук экономикасынын бүгүнкү шартка көнүп кетүүсүнөн көз каранды болуп турат. Анын негизги көрсөткүчүн жумушсуздуктун деңгээлинен байкоого болот. Бүгүнкү күндө ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин компетенттүү органдары менен тыгыз байланышта иштеп, эмгек мигранттарынын абалын жакшыртууга багытталган кадамдар каралууда. Мисалы, ишкерлерди колдоого алып, жумуш орундарын камсыз кылуу маселеси бар. Ага байланыштуу Россиядан массалык түрдө эмгек мигранттарынын кетүүсү байкалган жок. Айрым чөйрөлөрдө кыскартуулар болгону менен алар башка тармактарга орношуп жатышат", — деди Өмүрбекова.
Ошондой эле адис ЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаменти Россиядагы эмгек мигранттарын каттоо, медициналык камсыздандыруу, жумуш орундарын түзүү боюнча приоритеттүү багыттарга басым жасап, чечимдерди чыгарып жаткандыгын кошумчалады.