БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. 16-майдан тарта кыргызстандыктар Россиянын мамлекеттик чек арасынан чектөөсүз өтө алышат. Башкача айтканда, РФке автоунаа менен кире алат. Бул тууралуу аталган мамлекеттин өкмөтүнүн сайтында жазылган.
Мындай чечим өкмөттүн төрагасынын орун басары Татьяна Голикова башында турган коронавирус боюнча ыкчам штабдын жыйынында кабыл алынган.
"Эпидемиологиялык абалдын жакшырышына байланыштуу 2022-жылдын 16-майынан тарта Россиянын мамлекеттик чек арасынан өтүү боюнча бир катар чектөөлөрдү алып салуу чечими кабыл алынды. Анын ичинде Кыргызстандын жарандарына Россияга кара жол менен кирүүгө уруксат берилүүдө", — деп жазылат маалыматта.
Буга чейин кыргызстандыктар Россияга учак менен гана бара алчу.