Милиция май майрамдарында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт

Милиция коопсуздук чараларын түшүнүү менен кабыл алып, мыйзам бузбоого чакырат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Милиция кызматкерлери май майрамдарына карата 30-апрелден тарта 10-майга чейин күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөмөй болду. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Маалыматта коомдук тиртипти камсыздоо, өлкө аймагында мыйзамга каршы аракеттерди алдын алуу үчүн чаралар көрүлөрү айтылат.
Министрлик майрам учурунда элдин эс алуусу ойдогудай өтүшү үчүн бардык аракеттерди көрө турганына ишенди. Мындан тышкары, жол эрежелеринин сакталышын да көзөмөлдөнөрү белгиленди.
Шектүү адамдарды байкагандар болсо 102 телефону аркылуу кабарласа болот.
Патрулдук милиция шаардык кызматтарга 23 миң сомдон айып салды