Кыргызстанда чыгым тарткан канча банк бар? Өткөн жылдын жыйынтыгы

Статком өлкөдө 23 банк бар экендигин билдирди. Былтыр алар 4 миллиард сомдон ашык киреше алса, аны менен катар эле чыгым тарткандар да болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Былтыр жылды үч банк чыгым менен жыйынтыктады. Бул тууралуу Статистика боюнча улуттук комитеттен кабарлады.
Ведомствонун маалыматына караганда, өлкөдө 23 банк бар. Алардын ичинен 20сы жалпы суммасын чогултканда 4 миллиард 89 миллион сом киреше менен жыйынтыктаган. Ал эми калган үчөө 69 миллион чыгым тарткан. Бирок статком алардын аталышын айткан жок. Дагы беш банктын лицензиясы чакыртылып алынган же алар жоюлуу стадиясында. Алардын бири киреше (0,5 миллион) алса, төртөө тогуз миллион чыгым тарткан.
Анткен менен бардык жерде 23 банк белгиленип келет, бирок алардын бири Бишкектеги Пакистандын улуттук банкынын филиалы.
Кыргызстандын банктарында депозиттер боюнча пайыздык чен өсүүдө