Жекшембиге карата аба ырайы

Бишкектеги көчөдө кишилер. Архив
1-майга караган түнү Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт. Башка облустарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Жекшемби күнү республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +27...+32, Таласта +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29…+34, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +18...+23 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү борбор калаа Бишкекте +30...+32, Ош шаарында +31…+33 градуска жогорулайт.
Бишкектин күнүнө карата майрамдык концерт
"Ала-Тоодо" ырчылардын үнү жаңырды. Бишкектин 144 жылдыгынан ирмемдер