Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Германияда Киевге оор курал жиберүүгө каршы петиция таратышты

Шольцко багытталган петицияда "мындан ары Киевге түз да, кыйыр дагы оор курал бербейсиз деп сизге ишенебиз" деп айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. – Sputnik. Германия канцлери Олаф Шольцту Киевге оор курал жибербөөгө чакырган петицияга 50 миңден ашуун адам кол койгон. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Биз сиздин ушул кезге чейин тобокелдикти кылдаттык менен ойлоп келгениңизди колдойбуз: Украина ичиндеги согуштун жайылып кетүү кооптуулугу; Европа боюнча экспансия кооптуулугу; ооба, дүйнөлүк үчүнчү согуш кооптуулугу. Андыктан биз баштапкы позицияны эстеп, мындан ары Киевге түз да, кыйыр дагы оор курал бербейсиз деп ишенебиз", — деп айтылган Change.org. порталына жайгаштырылган петицияда.
Алар Щольцко "тирешүүнү болушунча эрте токтотуу үчүн болгон мүмкүнчүлүктү жасоого, эки тарапты тең компромисске келтирүүгө" чакырышкан.
Буга чейин ГФРдин Бундестагы өкмөттү Украинага болушунча жардам берүүгө чакырган билдирүү кабыл алган, анын ичинде оор курал берүү туурасында да кеп болгон. Депутаттар, мындан тышкары, аталган процессти тездетүүнү айтышкан.
Германия канцлери Россия газынан баш тартуунун кесепетин тынбай айтууда