Чүйдө BMW коюп кеткен 22 жаштагы кыз реанимацияда. Окуянын видеосу

Кадрлардан айдоочулар үчүн жол чырактын кызыл өңү күйүп турганын көрүүгө болот.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кечээ саат 21:00дөр чамасында Чүй облусунун Петровка айылында BMW үлгүсүндөгү автоунаа 22 жаштагы кызды коюп кетти. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан (ЖКККББ) билдиришти.
Маалыматка караганда, кырсык жөө адамдар өтчү чейинде, жол чырактын жанында болгон.
1 / 2

ЖКККББ кызматкерлери дароо "Перехват" планын жарыялап, милиция унаанын 20 жаштагы айдоочусун шектүү катары кармады.

2 / 2

Учурда иликтөө иштери жүрүп, автоунаа айып короого киргизилди.

Кадрлардан айдоочулар үчүн жол чырактын кызыл өңү күйүп турганын көрүүгө болот.
Кыз оор абалда Москва районунун аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
ЖКККББ кызматкерлери дароо "Перехват" планын жарыялап, милиция унаанын 20 жаштагы айдоочусун шектүү катары кармады.
Учурда иликтөө иштери жүрүп, автоунаа айып короого киргизилди.
Ысык-Атадагы жол кырсыкта "ЭлТР" телеканалынын бир кызматкери көз жумду. Сүрөт