Бишкекте көп кабаттуу имараттан өрт чыкты. Видео

Жеринде өрт өчүрүүчү төрт бригада иштеп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бишкектин борбордук бөлүгүндө имарат күйүп жатат. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
"Бишкек сегодня" Telegram каналына окуянын видеосу жарыяланды.
ӨКМдин маалыматына караганда, өрт Байтик баатыр №3/10 дарегинде чыккан. 2GIS картасындагы маалымат боюнча, аталган даректе үч кабаттуу административдик имарат жайгашкан. Жеринде өрт өчүрүүчү төрт бригада иштеп жатат.
Бишкекте ЖКККББнын айып короосунда турган төрт автоунаа өрттөндү. Видео