Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Азовсталдан" жай тургундардын тобу эвакуацияланды

Мариуполдогу Азовсталь заводуну
Ишемби күнү заводдун аймагынан 25 адам чыкканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Мариуполдогу "Азовсталь" заводунун аймагынан жай тургундардын тобу эвакуацияланганын РИА Новости жазды.
Маалыматта алардын 19у чоң киши, алтоо балдар экени айтылат.
16-апрель күнү Россиянын Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Мариуполь толугу менен "Азов" полкунун улутчулдарынан, чет элдик жалданма жоокерлерден жана украин армиясынан тазаланганын билдирген болчу. Украиналык топтордун калганы "Азовсталь" металлургиялык комбинатына жашырынган. Россия президенти 26-апрель күнү завод толугу менен изоляцияланганын жарыялаган эле.
Айбаты көктү жарып. Украинада колдонулган Искандердин видеосу
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Айбаты көктү жарып. Украинада колдонулган "Искандердин" видеосу