БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ооруканадан чыгып, кызматына киришти. Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.
"Жүргүзүлгөн медициналык процедуралар миокард инфарктынын белгилери жок экенин тастыктады, бирок жүрөк-кан тамырларынын спазмасы аныкталган. Учурда анын ден соолугу туруктуу деп бааланууда. Анткен менен амбулатордук медициналык жардам алып турат", — деп айтылат билдирүүдө.
Белгилей кетсек, 28-апрелде Жапаров жүрөгү ооруп, кан басымы төмөндөп кеткен деген диагноз менен Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.
Жапаров мындан бир нече күн мурда АКШдан кайтып келген. Ооруга узак убакытка учканы себеп болушу мүмкүн деп божомолдонду.