Бишкекте ЖКККББнын айып короосунда турган төрт автоунаа өрттөндү. Видео

Өрттүн себеби азырынча тактала элек.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Чокон Валиханов көчөсүндө жайгашкан айып короосунда төрт автоунаа күйдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, өрт кечээ кечке жуук чыгып, саат 18:30да чектөөгө алынып, саат 19:01де толугу менен өчүрүлгөн.
Министрлик окуя болгон жерден видео жөнөткөн.
Маалым болгондой, Audi-80 жана Nissan Primera үлгүсүндөгү автоунаалар толугу менен өрттөнсө, Honda Accord үлгүсүндөгү автоунаанын мотор бөлүгү, ал эми Mitsubishi үлгүсүндөгү автоунаанын сол бампер жагы күйгөн. Өрттүн себеби такталып жатканы айтылды.
Бишкекте үйлөргө өрт койгондор кармалды. Видео