Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп дайындалды

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Жээнбек Кулубаев Кыргызстандын тышкы иштер министри болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Буга чейин Жогорку Кеңеш Кулубаевди бул кызматка дайындоого макулдугун берген.
Эске салсак, 22-апрелде ТИМ башчысы Руслан Казакбаев ээлеген кызматынан бошотулган. Президент Кулубаевди министрдин милдетин аткаруучу катары дайындап, Жогорку Кеңешке анын талапкерлигин бекитип берүүнү сунуштаган.
Кулубаев министр болгонго чейин президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.
Кулубаев экс-министр Казакбаевге ТИМден жумуш берилерин айтты