Теңиз Бөлтүрүк: Түп районуна цемент, акиташ, кыш заводдорун курабыз

Үч завод тең Күрмөнтү айылында ишке берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Түп районуна цемент, акиташ жана кыш заводдору курулат. Бул тууралуу "Кумтөр голд компанинин" сырткы башкаруучусу, "Улуу көчмөндөр мурасы" холдингинин директору Теңиз Бөлтүрүк билдирди.
"Күрмөнтү цемент, акиташ заводун ишке киргизели деп жатабыз. Мурда эң мыкты кыш заводу бар эле, аны калыбына келтиребиз. Бул Ысык-Көл региону үчүн жакшы колдоо болгону турат. Кирпич жана акиташ Кыргызстандын кайсы аймагы болбосун тартыш. Дал ушул себептен биз ушул заводдордун курулушунун долбоорун иштеп чыктык. Муну кыска мөөнөттө бүтүрөбүз", — деди Бөлтүрүк.
"Улуу көчмөндөр мурасы" улуттук холдингинин жооптуу адистери Түптүн Күрмөнтү айылына барып, жергиликтүү тургундарга долбоорду тааныштырган.
Ош шаарына кошумча электр тармактар ишканасы курулат. Сүрөт