Акыркы учурда троллейбус айдоого кызыккан кыздардын саны көбөйүп калды. Себеби айлык акынын көбөйүшүнө байланыштуу. Бул тууралуу Айсулу Байтулеева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, технологиялардын өнүгүшү менен мурункуга салыштырмалуу троллейбус айдоону үйрөнүү кыйынчылыкты жаратпайт.
"Совет учурунда айдоочу айымдар сейрек кездешчү. Кийинчерээк алардын саны көбөйүп, бул кесипти аркалаган аялдардын саны өсүп баштады. Ал эми бүгүнкү күндө троллейбус айдаган кыз-келиндерди көп кездештирүүгө болот. Жадагалса, айдоочулардын тең жарымын кыздар түзүп калды. Жаштар да абдан кызыгып, бул тармакта жакшы жетишкендиктерге жетсе болорун далилдөөдө. Албетте, жоопкерчилик абдан жогору болгондуктан дыкаттык менен мамиле жасап, жакшы даярдыктан өтүү зарыл. Жаңы технологиялар өнүгүп, унааны башкаруу жеңилдеп, шарттар түзүлүп калды", — деди Шералиев.
Ошондой эле адис Бишкек шаарында троллейбус линиялары эскирип, авариялык учурлар көбөйө баштагандыктан электробустарды алып келүү учурдун талабы экендигин кошумчалады.