УКМК: Тажикстан "Байрактарды" сатып алуу үчүн Түркия менен келишим түзгөн эмес

Атайын кызмат түркиялык ишканалар Тажикстанга учкучсуз аппараттарды сатуу боюнча келишим түзбөгөнүн айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Тажикстан "Байрактар" аталышындагы түркиялык пилотсуз учуучу аппараттарын сатып алганы тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул туурасында Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.
"Алынган ишенимдүү маалыматтар боюнча, тажик тарап учкучсуз учуучу "Байрактар" учактарын чыгарган "Байкар Макина" компаниясы, ошондой эле башка түркиялык ушуга окшогон өндүрүүчүлөр менен пилотсуз учуучу аппараттарды сатып алуу боюнча келишим түзбөгөнүн маалымдайбыз", — деп билдирди УКМК.
Ошону менен бирге Кыргызстан Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту, коопсуздукту сактоо үчүн бардык күч-аракетин жумшап, тынчтык жана коңшулук саясатын жүргүзүп жатканы белгиленди.
"Кыргызстан Түркиядан учкучсуз учактарды Афганистандагы кырдаалдан улам Борбордук Азияда террордук жана диний-экстремисттик коркунуч жогору болуп жаткандыгына байланыштуу коргонуу максатында гана алган", — деп айтылат маалыматта.
УКМК кыргыз тарап коңшу мамлекеттерге карата агрессивдүү саясатты эч качан карманбаганын жана карманбай турганын белгиледи.
"Байрактар" танканы жардырганда. Ысык-Көлдөгү машыгуунун видеосу