Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Өзүбүздүкүлөрдү таштабайбыз!" Армениялык студенттер Донбасска гумжардам даярдоодо

Студенттер бир нече топко бөлүнүп иштеп жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Армениялык студенттер Донбасска гуманитардык жардам жөнөтүүдө.
Гумжардамды даярдоого Москвадагы алдынкы окуу жайларда билим алган армениялык студенттер жардам берген. Жүк Донбасс республикаларына жөнөтүлгөн. ЖОЖ студенттери бир нече топко бөлүнүп иштеп жатышат. Алар кутуларга азык-түлүк, кийим жана керек болчу буюмдарды салышууда.
Буга чейин Россиядагы армяндар союзу Донбасс менен Украинага 500 тонна гуманитардык жардам жөнөткөнү маалым болгон. Жүк Мариуполь, Донецк жана Луганскиге, ошондой эле Ростов облусундагы качкындар борборлоруна жеткирилүүдө.
Аталган уюм 2014-жылдан бери Донецк жана Луганскиде жашагандарга жардам берип келет.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Москвадагы кыргыздар Донбасстагыларга гуманитардык жардам жөнөттү. Видео