Күнөөсү аныкталбаган адамдан пара алган. Сокулук РИИБдин тергөөчүсү кармалды

Сокулук милициясына А.Ж. аттуу тургундун үстүнөн арыз түшкөн, аны кароонун жыйынтыгында кылмыштын курамы жок экендиги аныкталган. Бирок тергөөчү ишти токтотуу үчүн акча талап кылганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Сокулук райондук Ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү менен ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Сокулук райондук Ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү менен ыкчам кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды
Маалыматка караганда, Сокулук РИИБдин тергөөчүсү М.Э. менен ыкчам кызматкери У.И. Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин 1-бөлүгү ("Опузалап пара алуу") боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдардын алкагында колго түшкөн.
"Буга чейин УКМКга А.Ж. аттуу жаран сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн 50 000 сом акча талап кылып жаткан Сокулук районунун ИИБ кызматкерлерине чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган", — деп айтылат маалыматта.
Апрель айынын башында Сокулук милициясына А.Ж. аттуу тургунга карата уурулук фактысы боюнча арыз түшкөн, аны кароонун жыйынтыгында кылмыштын курамы жок экендиги аныкталган.
Бирок Сокулук районунун милиция кызматкерлери сотко чейинки өндүрүштү токтотуу үчүн ар кандай шылтоолорду айтып 50 миң сом акча каражатын талап кылышкан.
28-апрелде саат 17:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Учкун кичи районунда ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сокулук РИИБдин тергөөчүсү милициянын лейтенанты М.Э. 10 миң сом алып жаткан жеринен кармалган. Ал УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал эми калган кызматкерлерге карата бул мыйзамсыз иштерди жасоого канчалык деңгээлде катыштыгы бар экенин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Патрулдук милиция шаардык кызматтарга 23 миң сомдон айып салды