Элчи: Россия менен Иран дүйнөдөгү кырдаалга карабай кызматташуусун улантат

Буга чейин бир катар эл аралык уюмдар Украинадагы окуялардан улам дүйнөлүк азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо үчүн шашылыш чараларды көрүүгө чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Москва менен Тегеран азык-түлүк жаатындагы кызматташууну Украинанын айланасындагы кырдаалга карабай уланта берет. Бул тууралуу Ирандын Россиядагы элчиси Казем Жалали билдиргенин РИА Новости жазды.
"Жаңы шарттарга карабай Россия менен бирге иш алып барабыз. Күч-аракетибиз кошуналык мамиленин алкагында кызматташууну улантууга багытталган", — деген элчи.
Буга чейин Эл аралык валюталык фонду, Дүйнөлүк банк, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы жана Дүйнөлүк соода уюму Украинадагы окуялардан улам азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу үчүн шашылыш чараларды көрүүгө чакырган.
Украинаны демилитаризация жана денацификациялоо боюнча атайын операция башталгандан кийин Батыш Россияга каршы санкциялык басымын күчөткөн. Чектөө чаралары өзгөчө банк сектору менен жогорку технологиялык продукциялардын жеткирилишине багытталган. Европада Москванын энергетикалык ресурстарынан көз карандылыкты азайтуу тууралуу маселе байма-бай көтөрүлүп жатат. Мунун баары АКШ менен Евробиримдикке экономикалык көйгөйлөрдү жаратты. Себеби күйүүчү май менен азык-түлүк продукциясы кескин кымбаттап кетти. Кремль санкцияларды экономикалык согуш деп сыпаттап, окуянын мындай өнүгүшүнө даяр болгонун белгилеген.
Европада жакынкы жылдары экономикалык жоготуулар көп болорун эскертишти