Радио

Саяков: КММАнын онкологдору 4-майда акысыз консультация берип текшерет

Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Онкология кафедрасынын башчысы Үмөталы Саяков өлкөдө жылына онкологиялык оору менен жабыркаган 5-6 миңдей адам катталарын айтты.
Sputnik
Жакында эле Республикалык диагностикалык борбордун имараты Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясына өткөрүлгөн. Дартты аныктоо борбору 4-майда бейтаптарды акциянын негизинде кабыл алып, ошондон ары ишин улантат. Мындай иш-чараны КММАнын ар бир кафедрасы өткөрөт. Биринчилерден болуп онкология кафедрасы баштай турганын Үмөталы Саяков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө бейтаптардын 50 пайызы илдет өтүшүп кеткенде дарыгерге кайрылат.
"КММАнын онкология кафедрасынын Республикалык диагностикалык борборунда 2022-жылдын 4-майында (бир эле күн) саат 12:00дөн баштап бейтаптарга акысыз консультация берип жана текшерүү жүргүзүлөт. Акциянын алкагында уролог, маммолог, гинеколог, проктолог, дерматолог, эндокринолог, гастроэнтеролог, гематологдор иштейт. Кайсы гана оору болбосун, эрте диагноз коюп, өз убагында дарыласа арзан жана толук айыктыруу мүмкүн. Онкологиялык оорулар көбөйгөнү эле болбосо азайбайт. Өлкөдө жылына онкологиялык оору менен жабыркаган 5-6 миңдей адам катталат. Мунун себеби аймактарда адамдар дарттын биринчи белгилерине маани бербей жана дарыгерге кайрылбаганында. Анын үстүнө региондордо ооруну аныктоочу аппараттар жок. Ошондуктан дартты аныктоо борборунун кайрадан иштей баштаганы жакшы болду. Республикалык диагностикалык борбору 90-жылдардын ортосунда ачылып, ал жерге эң биринчилерден болуп заманбап бардык жабдыктар коюлган эле. Азыр аталган аппараттар эскирип, пайдалануу мөөнөтү аяктады. Борборго эми жаңы жабдыктар алынып, жаңыртылат", — деди Саяков.
Ал онкологиялык ооруну эрте аныктаса хирургиялык, нур жана химия терапия менен ийгиликтүү дарыласа болорун кошумчалады.