Экономикалык кылмыштарды прокуратура, УКМК тергейт. Бул тууралуу Калыгул Салиев Sputnik Кыргызстан радиосунун "онлайн адвокат" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, Финпол жоюлгандан кийин анын функциялары бир катар органдарга бөлүнгөн.
"Мурда экономикалык кылмыштарды Финпол (Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматы) тергей турган. Өткөн жылы аталган мамлекеттик кызмат жоюлду. 2021-жылдын декабрында өлкөдө Кылмыш-жаза кодекси жана жазык-процессуалдык кодекс колдонууга кирген. Аларга ылайык, экономикалык кылмыштар боюнча тергөө жүргүзүү укугу прокуратурага жана УКМКга берилген. Ал эми тергөө жүрүп жатканда ыкчам кызматкердин функциясын салык кызматкерлери аткарат. Ушул үч органдын биргелешип аракеттенүүсү менен экономикалык кылмыштар тергелип, иштер жүргүзүлөт", ؙ— деди Салиев.
Ошондой эле ал салыктык маселелер боюнча дагы прокуратура, УКМК, салык кызматкерлери иш алып барарын кошумчалады.