Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Москвадагы кыргыздар Донбасстагыларга гуманитардык жардам жөнөттү. Видео

Москвадагы жана Подмосковьедеги кыргыздар "Мурас" фонду менен биргеликте Донбасска кезектеги жардамды даярдап жатышат.
Sputnik
Мындай чечим диаспора өкүлдөрүнүн жыйынында, ооз ачуу учурунда кабыл алынган. 16-апрелде Москвадагы кыргыздардын атынан Донбасска негизинен гречка, кесме, кант жана ундан турган 1,2 миллион рублдик жардам кеткен.
Диаспора аксакалдары биринчи жардамдын зыян тартып, жабыркаган калкка жетип, туура бөлүштүрүп берилгенине канааттанышканын айтышкан. Азыр алар акцияны улантып, экинчи жардамды даярдап жатканы белгилүү болду.