БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Москвада май айынын орто ченинде Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекет жетекчилеринин юбилейлик жолугушуусу өтөт.
Бул тууралуу Россиянын лидери Владимир Путин менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда белгилүү болду. РФ президенти кесиптешин жолугушууга чакырган.
Акорданын маалыматына караганда, президенттер соода-экономикалык кызматташууну өнүктүрүү маселесин талкуулашкан. Ошондой эле эки өлкөнүн өкмөттөрүнө ыкчам чечиле турчу маселелерге өзгөчө көңүл бурууга тапшырма берилмей болду.