Милиционер Чоң Чүй каналына түшүп кеткен кишини сактап калды. Видео

Каналдын жээгинде турган адам капысынан талмасы кармап, сууга түшүп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери сууга чөгүп кеткен адамдын өмүрүн сактап калышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя болгондон алыс эмес жерде жүргөн ыкчам кызматкерлери Чоң Чүй каналына (Төмөнкү Ала-Арча районунда) чөгүп бара жаткан адамды көрүшкөн. Офицерлердин бири дароо сууга секирип, аны куткарып алган. Биринчи жардам көрсөтүлүп, бир канча убакыттан кийин жабырлануучу өзүнө келген.

"Ал Чоң Чүй каналынын жээгинде турганда капысынан талмасы кармап, сууга түшүп кеткен. Милиционерлерге көрсөткөн жардамына ыраазычылыгын билдирди", — деп айтылат маалыматта.

ИИМ адам өмүрүн сактап калган кызматкерге 2021-жылы Мыкты ыкчам кызматкер наамы ыйгарылганын кошумчалады.
Жалал-Абадда бензин сакталган цистернага түшүп кеткен эки киши куткарылды