Ош менен Баткенде түркиялык "Маариф" фондунун мектептерин ачуу пландалууда

Билим берүү комплексинде окутуу жергиликтүү жана эл аралык программа боюнча жүргүзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. "Маариф" билим берүү комплекстерин Ош шаарында, Баткен облусунда жана республиканын башка аймактарында куруу мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

"Маариф" билим берүү комплекстерин Ош шаарында, Баткен облусунда жана республиканын башка аймактарында куруу мүмкүнчүлүгү каралууда

2 / 3

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн Бишкектеги "Маариф" түрк фонду тарабынан негизделген билим берүү комплексинин иши менен таанышкан

3 / 3

"Маариф" билим берүү комплексинде окутуу жергиликтүү жана эл аралык программа боюнча жүргүзүлөт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн Бишкектеги "Маариф" түрк фонду тарабынан негизделген билим берүү комплексинин иши менен таанышкан.
Аталган фонддун өкүлү Хусню Биржан окуу процессинин жүрүшүнө токтолуп, класстарды, лабораторияларды, китепкананы, актовый залды жана кампустун башка бөлүктөрүн көрсөткөн. Кампуста ойноо бакчасы, спорттук жайлар, музыкалык бөлмө, этюд класстары жана конференц-зал бар. Жакында бассейн, спортзал, жасалма футбол аянтчасы, баскетбол жана волейбол аянтчалары пайдаланууга берилерин айткан.
"Маариф" билим берүү комплексинде окутуу жергиликтүү жана эл аралык программа боюнча жүргүзүлөт.
Байсалов министрлер кабинети билим берүү тармагындагы кыргыз-түрк мамлекеттер аралык кызматташтыгын жогору баалай турганын билдирген. Ошондой эле ар дайым бул багытта мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жолдорун издей турганын айткан.
Бишкекте жаңы салынып, оңдоп-түзөөдөн өтүп жаткан мектептер. Тизме