Патрулдук милиция шаардык кызматтарга 23 миң сомдон айып салды

Төрт уюм эреже бузгандыгы үчүн төлөмөр болду.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Патрулдук милиция башкармалыгы шаардык кызматтарга эреже бузгандыгы үчүн айып салды.
Маалымат катчы Байказы Айтикул уулунун айтымында, "Түндүк электр", "Бишкек жылуулук" жана "Бишкек суу канал" ишканаларына 23 миң сомдон айып салынды.
"Бул уюмдар көчөлөрдү оңдоодо эрежени бузуп, жол коопсуздугун камсыздаган эмес", — деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, 25-апрелде Бишкек ТЭЦтин жолун суу каптап кеткени үчүн "Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасына 23 миң сом айып салынган.
Салыкты убагында төлөбөгөндөр кандай жазага тартылат? Тизме