Белгилүү адамдарга ишенип, кооперативге алданбагыла! Милициянын кайрылуусу

2022-жылдын үч айында кооперативдик ишмердүүлүк боюнча 73 кылмыш иши козголгон. Жабыр тарткандардын саны 139га жетип, чыгымдын суммасы 66,6 миллион сомду түздү.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Милиция үй алуу үчүн кооперативдерге катталууда этият болууга чакырат. Укук коргоо органдарынын кайрылуусун "Кыргыз мигрант" (Sputnik Кыргызстандын долбоору) Telegram-каналы жарыялады.
"Турак жай кооперативдери өз ишмердүүлүгүн коомдо таанымал адамдар аркылуу жарнамалаганга өтүштү. Аларга батир же унаа алып бергендигин айтып, белгилүү адамдар аны тастыктап, социалдык тармактарга сүрөт, видео жүктөп жатат. Буларды көргөн карапайым адамдар чогулткан акчасын кооперативдерге салып, жыйынтыгында материалдык чыгым болууда", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле кооперативге акчасын салгандар аны тез арада кайтарып алам деп күтпөшү керектиги эскертилди. Анткени ар бир кооперативде жүздөгөн киши кезекте турганын эстен чыгарбоо керек.
2022-жылдын үч айында кооперативдик ишмердүүлүк боюнча 73 кылмыш иши козголгон. Жабыр тарткандардын саны 139га жетип, чыгымдын суммасы 66,6 миллион сомду түздү.
Пресс-борбор
Турак жай кооперативи: ИИМ жабыркагандардын саны күн сайын өсүп жатканын айтты