Пишпек — Фрунзе — Бишкек. Борбор калаанын тарыхый ирмемдери

Бүгүн Бишкек шаарынын 144 жылдыгы салтанат менен белгиленүүдө. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги борбор калаанын архивдик ирмемдерин сунуштайт.
Sputnik
Өлкөнүн борбору алгач Пишпек, кийин Фрунзе, андан соң Бишкек болуп өзгөргөн. Учурда өзүнө миллиондой адамды батырган калаа Пишпек деген аталыш менен 1978-жылы 29-апрелде уездик башкаруу катары бекитилген. Ал эми 1924-жылы Пишпек – Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун, 1926-жылы Кыргыз АССРинин борбору болуп, ошол эле жылы шаардын аты Фрунзе деп өзгөртүлгөн. Республика эгемендүүлүк алган жылы Фрунзе шаарынын аталышын өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алып, Бишкек деген тарыхый ат ыйгарылган.
Азыр калаада ондогон билим берүү, медицина, спорттук мекемелер, ишканалар бар. Шаар жыл сайын ар тараптан өзгөрүп келет.
1 / 15

бШаардын көчөлөрүн асфальттоо. Азыркы Байтик аатыр көчөсү, 1950-жыл

2 / 15

1960-жылдары "Спартак" стадиону оңдолуп, жаңы спорттук комплекс салынган

3 / 15

Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониянын курулушу 1977-жылы башталган

4 / 15

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын борбордук корпусу, 1968-жыл

5 / 15

Союз маалындагы ири курулуштардын бири — Бишкектин чок ортосундагы тарых музейи

6 / 15

Кыргыз ССРинин борборундагы парктардын биринде кайык менен сүзгөн үй-бүлө, 1971-жыл

7 / 15

Далай ак халатчандарды даярдап чыгарган Кыргыз улуттук медициналык академия. 1970-жыл

8 / 15

Борбор калаадагы атактуу "Кыргызстан" мейманканасы. Азыр Hyatt Regency Bishkek отели. Фрунзе шаары, 1971-жыл

9 / 15

Кожомкул атындагы Спорт сарайы. Фрунзе шаары, 1974-жыл

10 / 15

Эски аянттагы Өкмөт үйү. 1971-жыл.

11 / 15

Жашыл шаар деп атагы алыска кеткен Фрунзе

12 / 15

Фрунзеде жаңы түзүлгөн райондор, курулган көп кабаттуу үйлөр

13 / 15

Шаардыктардын спорттук майрамы, "Спартак" стадиону

14 / 15

"Кыргызстан" мейманканасынын алдындагы фонтанда жыргаган балдар. Бул фонтандар азыркыга чейин иштейт

15 / 15

"Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүнүн (ЦУМ) жанындагы фонтандар, 1980-жылдар

Тема боюнча:
Көпүрө куруп, темир жол салган кыргыздар. Өндүрүш жанданган тарыхый ирмемдер
Керемет кооздук, укмуш! Ала-Тоонун таманындагы кызгалдактуу жерлердин 10 сүрөтү