"Кыргыз почтасы" Кытайдын ири почта корпорациясы менен кызматташат

China Post Group корпорациясы дүйнөдөгү эң алдынкы кирешелүү 500 компаниянын ичинен 74-орунда турат.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы Кытайдын "China Post Group" почталык администрациясы менен кызматташуу тууралуу меморандумга кол койду. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Тараптардын сүйлөшүүсү видеоконференция режиминде өткөн.
Кытайлык ишкананын төрагасы Лю Ай Ли өз ара байланышты чыңдоого, электрондук коммерция жана тажрыйба алмашуу боюнча кызматташууга даяр экенин билдирген. Ошондой эле финансылык, банктык кызматтарды көрсөтүү багытында Postal Savings Bank of China менен биргеликте долбоорлорду ишке ашырууга кызыкдарлыгын айткан.
Ал эми "Кыргыз почтасынын" директору Марат Черикчиев мындай келишимге жетишүү тарыхка жазылып каларын белгилеген.
China Post Group корпорациясы дүйнөдөгү эң алдынкы кирешелүү 500 компаниянын ичинен 74-орунда турат. Жылдык таза пайдасы 12 миллиард долларды түзөт.
Жакында ички авиакаттамдардын санын көбөйтүү пландалууда