БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Ишемби күнү күндүз өлкөнүн айрым райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Нарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй менен Таласта +23...+28, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +26…+31, Ысык-Көл менен Нарын аймагында +16...+21 градусту көрсөтөт.
Бишкекти күндүз ала булут каптап, жамгыр жаашы ыктымал. Ошто жаан-чачын болбойт. Термометрдин көрсөткүчү борбор калаада +26...+28, Ош шаарында +29…+31 градуска көтөрүлөт.