БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. "Бишкек башкы архитектура" мамлекеттик мекемеси Бишкек калаасынын 144 жылдыгына карата креативдүү ролик жарыялады.
Борбор калаа бүгүн бир жарым кылымга жакындап калган "туулган күнүн" белгилеп жатат. Архитекторлор "Бишкек" деп жазып, административдик имараттар менен турак жайлардын 3D-моделин жасашкан.
Эске салсак, саат 19:00дө "Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт башталат. Мындан улам саат 19:00дөн тарта 1:00гө чейин автоунаа менен киргенге болбойт.