"Бишкек санитардык полигон" ишканасынын мурдагы директору кармалды

Борбор калаанын экс-мэри Албек Ибраимовго карата айыбы сырттан угузулган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. "Бишкек санитардык полигон" муниципалдык ишканасынын мурдагы директору А.Б.С. кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаардык санитардык полигондун куруу долбоорун ишке ашыруудагы мыйзам бузуулар боюнча кылмыш ишин тергөө жүрүп жатат. Анын алкагында мурдагы директор Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча айыпталууда. Ал Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Аны менен катар борбор калаанын экс-мэри Албек Ибраимов жана долбоорду ишке ашыруу маселелерин тейлеген мэрдин мурдагы кеңешчиси Г.А.М. жайгашкан жери аныкталбагандыгына байланыштуу сырттан айыбы угузулган.
Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов
Бишкек шаардык прокуратурасы аталган кылмыш ишке тиешеси бар адамдарды аныктоого жана жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле келтирилген материалдык зыяндын ордун толтурууга багытталган активдүү тергөө аракеттерин улантууда.
Белгилей кетсек, 2013-жылы таштанды төгүлүүчү жайды иретке келтирүү максатында Европа өнүктүрүү банкынан кредиттик жана гранттык негизде 22 миллион евро алынган. Бүгүнкү күнгө чейин долбоор ишке ашкан жок, ал эми каражаттын дайыны билинбей жатат. Бул ишти иликтөө үчүн депутаттык комиссия дагы түзүлгөн.
Буга чейин башка кылмыштар боюнча Албек Ибраимовго издөө жарыяланган болчу.
Таштанды полигонун курууга бөлгөн 22 млн. евро кайда? Депутаттар иликтемей болду