Өкмөттүн тактоосу: Акылбек Жапаров ооруканадан убактылуу чыкты

Буга чейин министр Алымкадыр Бейшеналиев Жапаров ооруканадан чыкканын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ооруканадан убактылуу чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жапаров Кардиология жана терапия улуттук борборунан чыкканын маалымдаган.
Министрлер кабинетинен билдиргендей, өкмөт башчы кыргыз-казак өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынына катышат. Бүгүн ушул жыйынга катышуу максатында Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Бишкекке келди. Жыйын соңуна чыгып, конокторду узаткандан кийин Жапаров ооруканага кайтат.
Өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан кезде Тез жардам кызматынын дарыгерлери ошол жерде нөөмөттө турат.
Эске салсак, кечээ Акылбек Жапаров Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия боюнча улуттук борборго жүрөгү ооруп жаткырылган. Бейшеналиев инфаркт алдындагы абал деп шек санап, бирок ал диагноз тастыкталбагандыгын айтты. Ооруга узак убакытка учканы себеп болушу мүмкүн деген божомолун айткан.
Жапаров мындан бир нече күн АКШдан кайтып келген.
Кыргызстандын премьер-министри алмашабы? Президент Жапаровдун билдирүүсү