Министр: Акылбек Жапаров ооруканадан чыкты

Министрлер кабинетинин төрагасынын кечээ ооруканага жатканы айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровду ооруканадан чыгаргандыгын айтты.

"Биз төраганы ооруканадан чыгардык. Жакшы болуп калды. Жапаров кыргыз-казак өкмөттөр аралык комиссиянын отурумуна катышат", — деп айтты ал Sputnik агенттигине.

Отурум бүгүнкүгө белгиленген.
Эске салсак, кечээ Акылбек Жапаров Миррахимов атындагы Кардиология жана терапия боюнча улуттук борборго жүрөгү ооруп жаткырылган. Бейшеналиев инфаркт алдындагы абал деп шек санап, бирок ал диагноз тастыкталбагандыгын айтты. Ооруга узак убакытка учканы себеп болушу мүмкүн деген божомолун айткан.
Жапаров мындан бир нече күн АКШдан кайтып келген.
Бейшеналиев Жапаровдун ден соолугу начарлашына эмне себеп болгонун айтты