Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШ Конгресси Украинага жөнөкөйлөтүлгөн жол менен техника берүүнү колдоду

Сенат бул документти апрелдин башында колдоп берген, эми мыйзам долбоору АКШ президенти Жо Байденге кол коюуга жиберилет.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасы Украинага жана Чыгыш Европанын башка өлкөлөрүнө коргонуу техникасын берүү механизмин жөнөкөйлөтүүнү караган мыйзам долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Сенат бул документти апрелдин башында колдоп берген, эми АКШ президенти Жо Байденге кол коюуга жиберилет.
Мыйзам долбоору Украинага аскердик жардам көрсөтүүнү жөнөкөйлөтүү максатында иштелип чыккан. Аны Техас штатынын сенатору Жон Корнин ушул жылдын январында сунуштаган.
Россия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинага Батыштын курал-жарак жеткирүүсү тараптардын сүйлөшүүлөрүнө терс таасирин тийгизип жатканын айткан.
Ал эми Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Украинага коргонуу техникасын берүүнүн жөнөкөйлөтүлгөн механизми тууралуу комментарийинде бул нерсе АКШ жана НАТО Киевди Россияга каршы иштөөгө эчактан бери даярдап келе жатканынан кабар берерин айтты. Ошондой эле Батыш өлкөлөрү кырдаалды жөнгө салууга жардам берүүнүн ордуна Украинага курал "ыргытып" коюп маашырланып карап отургандарын кошумчалады.
Германия канцлери Россия газынан баш тартуунун кесепетин тынбай айтууда