Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Мариуполь: улутчулдардын "Азов" базасында Гитлердин китебин табышты. Видео

Китептин орус тилинде жазылган вариантын казармадан табышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Россияда тыюу салынган Адольф Гитлердин Mein Kampf ("Моя борьба") китеби Мариуполдогу улутчулдардын "Азов" базасынан табылды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
РИА Новостинин кабарчысы орус тилиндеги китепти казармадан табышкандыгын билдирген.
Гитлер Mein Kampf китебин 1924-жылы жазган. Ал улуттук-социализмдин идеологиялык фундаменти катары саналат. Ал тирүү кезинде миллиондогон нуска менен басылган.
1945-жылга чейин Mein Kampf 18 тилге которулуп, 12 миллион нускада чыгарылган. 2010-жылы апрелде китеп экстремисттик материалдар боюнча федералдык тизмесине киргизилген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинада колго түшкөн британиялыктар Сирияда согушкан. Туткун офицердин маалыматы