Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Түркия Киев менен Москвага ортомчулугун улантууга даяр экенин билдирди

Россия менен Украинанын делегациялары буга чейин дагы Стамбулда жолугушууларын өткөргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Анкара Москва менен Киевдин ортосундагы кризисти жоюу үчүн ортомчулук аракеттерин улантууга даяр. Бул тууралуу Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган россиялык кесиптеши Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда айтканын РИА Новости жазды.
"Түркия Россия менен Украинанын ортосундагы кагылышууну токтотуу үчүн ортомчу болуп, эки элдин ортосунда тынчтыкты орнотууга чын ыкластан умтулат", — деди Эрдоган.
Россия Украинада аскердик операциясын 24-февралда баштаган. Тараптардын консультациялары февраль айынын аягында башталган. Делегациялар Беларуста эки ирет бетме-бет жолугушуу өткөрүп, видеоконференция аркылуу жолугуп турмай болушкан. Ал эми март айынын аягында Стамбулда сүйлөшүүлөрдүн кезектеги раунду өткөн.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Сабырыбызды сынабагыла! Россиянын Украина, Батыш өлкөлөрүнө эскертүүсү